Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры № 3
Кош-Булак айылынын ички жолдоруна шагыл төшөө иштерине бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.С.Көчөбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Булак айылынын ички жолдоруна шагыл төшөө иштери үчүн дем берүүчү үлүштүк гранттардын эсебинен бүткөрүлүүчү долбоорго өздук салым үчүн 224 711 сом акча каражаты 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Ажыбаев |