Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры № 4
Сыйлыктарга көрсөтүү жөнүндө
Токтожумаев Урмат Акматбековичти «Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү үчүн Тогуз-Торо айылдык Кеӊештин депутатты Г.Шайнаеванын корутундусун угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн Казарман айылынын тургуну Токтожумаев Урмат Акматбековичти 2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү» жылында айылдын социалдык –экономикалык абалын көтөрүүгө кошкон зор салымы үчүн жакынкы арада боло турган майрамдык салтанаттарга карата «Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу» наамына сунушталсын.
2. Токтомдун бир нускасы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы сыйлыктарды кароо комиссиясына сунушталсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана массалык маалымат сайттарына жарыяландан кийин күчүнө кирет.
Төрага | Р. Ажыбаев |