Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры № 5
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобону жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө
. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, «Пробация жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамдарды ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 17-октябрында «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө» Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча жаштар,спорт, маданият, жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Ажыбаев |