Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры № 6
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин.
2. КР Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 2018-жылдын 24-ноябрындагы №192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Д.Жунусовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы З.Акуновга тапшырылсын.
Төрага | Р. Ажыбаев |