Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты № 3
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXI шайланышынын) кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2018-жылга аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2018-жылга киреше бөлүгү 13640,6мин сом,чыгаша бөлүгү 13609,6мин сом болгондугу белгиленсин.
3. Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2019-жылга жыл башындагы калдык 155,6мин сом болгондугу белгиленип,айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнө кошумча план болуп киргизилсин. Башкаруу тармагынын аппараттын 2823 беренесине 40,3 мин сом, атайын каражатынын 2823 беренесине 40,1 мин сом,билим берүү тармагынын балдар бакчасынын атайын каражатынын 2231 беренесине 40 мин сом,3112 беренесине 35,2 мин сом чыгымдалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Сапарбековго жана айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Р. Ажыбаев |