Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты №4
“Райондун ардактуу атуулуна” сунуштоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXI шайланышынын) кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Райондун ардактуу атуулуна” сунуштоо үчүн жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык Кеңештин регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча, мыйзамдуулукту , укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо , архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.
3.Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Ажыбаев |