Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты № 6
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кайра бѳлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамы жана регламенти жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу кайра бѳлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүү максатында курамы 11 адамдан турган комиссия түзүлсүн.
2. Түзүлгөн комиссия курамына төмөнкүлөр киргизилсин.
У.Көчөрбаев -айыл өкмөтүнүн башчысы
З.Акунова-айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы
Б.Сасиев -жер турак жай боюнча адиси.
С.Сапарбеков -айылдык Кенештин депутаты, тѳрага ( макулдашуу менен)
Э.Чекиев-айылдык Кенештин депутаты(макулдашуу менен)
С.Эгембердиев - айылдык Кенештин депутаты(макулдашуу менен)
Д.Турусбеков -Дөдөмөл айылынын айыл башчысы
У.Чыныев -Ɵрнөк айылынын айыл башчысы
Б.Алымбеков –Кош-Булак айылынын айыл башчысы
А.Жумабаев -райондук агрардык ѳнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү
Ж.Жаналиев-аксакалдар соту
Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы З.Акуновага жүктөлөт.
3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика,мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.
Төрага | Р. Ажыбаев |