Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-майы №4
Жала-Абад областык Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан долбоорлор боюнча жалпы элдик чогулуштун протоколдорун бекитип берүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областык Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан Кош-Булак айылынын Кайынды участкасында жайгашкан Кайынды каналынын капиталдык ремонтунун долбоорун сунуштаган Кош-Булак айылынын элинин жалпы чогулушунун токтому жактырылсын.
2. Жалал-Абад областык Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан Ленин айылынын Тобок кѳчѳсүндѳ жайгашкан муницпалдык менчик болуп эсептелинген тегирменге жаңы техналогиядагы ун чыгаруучу тегирмен сатып алуу үчүн долбоор сунуштаган Ленин айылынын элинин жалпы чогулушунун токтому жактырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бардык 3 комиссиясына теӊ бирдей жүктөлсүн.
3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Ажыбаев |