Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну № 1
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 12- сессиясынын катчысы жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 12 - cессиясынын катчысы боюнча шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы С.Сансызбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 12 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутат Мырзаканов Жусупкан Рысбекович Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 12 -сессиясынын катчысы болуп шайлансын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Сансызбаев С.С. |