Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну № 2
Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга долбоорунун алгачкы божомолу жөнүндө
Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга долбоорунун алгачкы божомолу тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Н.Боруевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 12- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга долбоорунун алгачкы божомолу тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Н.Боруевдин маалыматы эске алынсын.
Шаардын 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун алгачкы божомолу № 1; 2; тиркемелерге ылайык жактырылсын.
Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга жактырылган алгачкы божомолун Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине жөнөтүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (М.Кулдышев) жүктөлсүн.
Төрага | Сансызбаев С.С. |