Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну № 3
Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери жөнүндө
Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Ж.Мырзакановдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 12- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Ж.Мырзакановдун маалыматы эске алынсын.
2. Аткарылган иштер менен катар төмөндөгү кемчиликтер орун алгандыгы белгиленсин:
Шаардагы канализация системасынын толук кандуу иштебегендигинен, шаардын аймагындагы көп кабаттуу үйлөрүнүн канализацияларынан чыккан саркынды суулар кудуктардан жана септиктерден ашып чыгып, айлана чөйрөнү булгап, Нарын дарыясына куюлуп жаткандыгы;
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2018-2019-жылдарга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасында көрсөтүлгөн “шаардагы канализация системасын ондоо боюнча” долбоорлор менен жетиштүү денгээлде иш алып барылбагандыгы;
Базарлардагы, жол жээктериндеги, “Куруучулар” кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанында курулуп жаткан дүкөндөрдү, даарыканаларды, ашканаларды жана башка соода түйүндөрүн курууда архитектуралык нормалары тийиштүү денгээлде сакталбай, көзөмөлдөө иштеринин жүргүзүлбөгөндүгү;
Шаардын аймагында жарык берүүчү прожекторлордун күйүп калган лампалары өз убагында алмаштырылбагандыгы;
Какеелев көчөсүндөгү жолду ондоп түзөө иштерин жана түнкү жарыктандыруу маселеси ушул убакка чейин чечилбегендиги;
Депутаттык комиссия сураган маселелерге тийиштүү маалыматтарды туура берилбегендиги.
3. Шаардык мэрияга, ММДине, “Тазалык” ишканасына, аймактык башкармалыктарга милдеттендирилсин:
Шаардагы канализация системасын реконструкциялоо боюнча долбоорлор менен иш алып барып, аягына чейин чыгаруу;
Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан үйлөрдөн чыккан саркынды суулардын, ажаатканалардан чыккан калдыктардын, таштандылардын дарыяга агып түшүүсүн токтотуу максатында тиешелүү мекеме-ишканалар менен биргеликте комиссия түзүп, жашоочулар менен иш алып баруу;
Кызыл-Жар шаарчасында жайгашкан өрт өчүрүүчү бөлүмдүн ишин жандандыруу боюнча иш жүргүзүү;
Кызыл-Алма кичи районундагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселесин аягына чейин чыгаруу;
Какеелев көчөсүндөгү жолду ондоп түзөө иштерин жана түнкү жарыктандыруу маселесин тез арада чечүү;
«Курулуш» кичи районундагы Дүйшөн базарынын жол жээгиндеги орнотулган тосмолорду (дисктерди) алуу;
Аймактык оорукананын жана №12 орто мектебинин жанында жайгашкан таштанды таштоочу жайларды алуу;
«Осмонбеков» жана “Кыргызстан” көчөлөрүнө кеткен жолдордун чункурларын ондоп, кум төктүрүп тегиздетип берүү;
Шаардын көркүн бузуп, каралбай талкаланып турган имараттардын ээлерин аныктап, ошол имараттарды ондоп түзөтүү же бузуп тазалоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
Шаардагы борбордук эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртуу, тратуарларын ондоо, шаардын тургундарына эс алууга шарт түзүү, фонтандын иштөөсүн камсыз кылуу, балдар ойноочу аянтчаларды, атракциондорду куруу максатында долбоорлорду жазып, инвесторлор менен иш алып баруу:
Борбордук эс алуу багындагы түнкү жарыктандыруу маселесин тез арада чечип, лампочкаларды өз убагында алмаштыруу, фоторелле аппаратын орнотуу;
Шаарда өткөн майрамдардан кийин борбордук эс алуу багынын жана борбордук стадиондун айлана тегерегин өз убагында (майрамдык иш чаралар бүтөрү менен) тазалап туруу;
Ч.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чыракты (светофор) ондоо;
Социалдык фонд ишканасынын аймагындагы С.Токтоманбетова көчөсүндө жашаган жашоочулар үчүн ажааткана куруу;
Шаарда жана шаарчаларда таштандыларды убагында график боюнча алууга жетишүү;
Көчөдө жүргөн жолбун иттерди өз убагында атуу;
Таш-Көмүр шаарында, Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарчаларында көчө жээктериндеги арыктардын тазалыгын көзөмөлдөө;
Ички жолдордун жана тратуарлардын чункурларын ондоп түзөө иштерин колго алуу;
Жаны олтургузулган көчөттөрдүн куурап калуусуна жол бербөөгө жетишүү, убагында суугарып туруу, малга жедирбөө;
Шаарда жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарчаларында мал баккан жашоочулар менен иш алып баруу;
Айлана тегерегин тазалоо, жашылдандыруу көрктөндүрүү боюнча элдер менен тыгыз байланышта иш жүргүзүү;
“Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында жумушчуларынын иш убактысын кароо (м: эртен менен саат 6:00дон 15:00го чейин);
Депутаттык комиссия сураган маселелерге тийиштүү маалыматтарды туура, толук жана өз убагында берүү;
2018-2019-жылдары шаардык Кенештен чыккан токтомдордун аткарылышы боюнча маалыматты даярдап кийинки сессияга алып чыгуу.
4. Жогорудагы белгиленген кемчиликтерди, сын-сунуштарды жоюуну көзөмөлгө алып, тиешелүү мекеме ишканалар аркылуу жөнгө салуу, аткарылышын камсыз кылуу жана жыйынтыгы боюнча шаардык Кеңештин кийинки сессиясында маалымат берүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
6. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясына ( А.Асанов) жүктөлсүн.
Төрага | Сансызбаев С.С. |