Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну № 4
Шаардын аймагындагы мектептерде 2018-2019-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы жөнүндө
“Шаардын аймагындагы мектептерде 2018-2019-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы жөнүндө ” шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Шабдановдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 12- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Шаардын аймагындагы мектептерде 2018-2019-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы жөнүндө” шаардык шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Шабдановдун маалыматы эске алынсын.
2. Талкууда белгиленген сын – сунуштарды эске алып, шаардык билим берүү бөлүмүнө (Т.Шабданов) милдеттендирилсин:
Педагогикалык кадрлар менен камсыздоо максатында негизги шарттарды түзүү менен жаш кадрларды жана тажрыйбалуу мугалимдерди тартуу;
Мектептердин материалдык техникалык базаларын чы=доо;
№12 орто мектебинин окуучуларынын билим берүүнүн сапатынын төмөндүгү белгиленип, №12 орто мектебинин директору (Т.Асранова) иш ордун кароо;
ЖАМУ ТИПИнун (мурунку бала бакчага тиешелүү) имаратын кайтаруу боюнча иш жүргүзүү;
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2018-2019-жыл ичинде аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы боюнча отчетун даярдап кийинки кезектеги сессияга даярдап алып чыгуу.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Юлдашев) жүктөлсүн.
Төрага | Сансызбаев С.С. |