Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну № 7
Шаардык мэриянын 07.06.2019-жылдагы “Таш-Көмүр шаары боюнча 2019-жыл үчүн суунун тарифин карап берүү тууралуу” №01-14/823 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 07.06.2019-жылдагы “2019-жыл үчүн суунун тарифин карап берүү” тууралуу №01-14/823 кайрылуу каты боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX- чакырылышынын кезектеги 12 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 07.06.2019-жылдагы “2019-жыл үчүн суунун тарифин карап берүү” тууралуу №01-14/823 кайрылуу каты боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаары боюнча 2019-жыл үчүн суунун тарифи калкка 1 м3 х 9 сом 35 тыйын, бюджеттик мекемелерге жана өндүрүштүк ишканаларга 1 м3 х 15 сом 12 тыйын, жеке ишкерлереге 1 м3 х 30 сом 00 тыйын өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу жана шаардын тургундарына массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы «Суу чарба» мекемесине (Э.Кулуев) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Төрага | Сансызбаев С.С. |