Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну № 9
Шаардык мэриянын 07.06.2019-жылдагы “Шамалды-Сай шаарчасы боюнча 2019-жыл үчүн суунун тарифин карап берүү тууралуу” №01-14/823 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 07.06.2019-жылдагы “Шамалды-Сай шаарчасы боюнча 2019-жыл үчүн суунун тарифин карап берүү” тууралуу №01-14/823 кайрылуу каты боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX- чакырылышынын кезектеги 12 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 07.06.2019-жылдагы “Шамалды-Сай шаарчасы боюнча 2019-жыл үчүн суунун тарифин карап берүү” тууралуу №01-14/823 кайрылуу каты боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун маалыматы эске алынсын.
2. Шамалды-Сай шаарчасы боюнча 2019-жыл үчүн суунун тарифи калкка жана бюджеттик мекеме-ишканаларга 1 м3 х 9 сом 35 тыйын, жеке ишкерлереге, коммерциялык жана өндүрүштүк ишканаларга 1 м3 х 19 сом 73 тыйын өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу жана Шамалды-Сай шаарчасынын тургундарына массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы КЖГЭСтер ишканасынын коммуналдык ишканалар комбинатына (А.Чаргынов) жана Шамалды-Сай аймактык башкармалыгына (Н.Жоробаев) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Төрага | Сансызбаев С.С. |