Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну № 10
Шаардык мэриянын 20.06.2019-жылдагы «Кызыл-Алма кичи шаарчасынын жашоочулары үчүн 2019-жылга суунун тарифин карап берүү тууралуу» № 01-14/914 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 20.06.2019-жылдагы «Кызыл-Алма кичи шаарчасынын жашоочулары үчүн 2019-жылга суунун тарифин карап берүү» тууралуу № 01-14/914 кайрылуу каты жөнүндү шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX - чакырылышынын кезектеги 12– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 20.06.2019-жылдагы «Кызыл-Алма кичи шаарчасынын жашоочулары үчүн 2019-жылга суунун тарифин карап берүү» тууралуу № 01-14/914 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл-Алма кичи шаарчасынын жашоочуларына 2019-жыл үчүн суунун тарифи 1 абонентке айына х 20 сом 00 тыйын, огород менен бакты суугаруу үчүн (100 м2) айына х 30 сом 00 тыйын өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу жана Кызыл-Алма кичи шаарчанын тургундарына массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасына (Б.Кулдышев) жана Кызыл-Алма аймактык башкармалыгына (М.Дооронкулов) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Төрага | Сансызбаев С.С. |