Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну № 12
Шаардык мэриянын 27.05.2019-жылдагы “Шамалды-Сай шаарчасы боюнча 2019-жылга турмуш -тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жайгаштыруу кызматы үчүн тарифтерин карап берүү тууралуу” №01-14/741 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 27.05.2019-жылдагы “Шамалды-Сай шаарчасы боюнча 2019-жылга турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жайгаштыруу кызматы үчүн тарифтерин карап берүү тууралуу” №01-14/741 кайрылуу каты жөнүндё шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX- чакырылышынын кезектеги 12 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 27.05.2019-жылдагы “Шамалды-Сай шаарчасы боюнча 2019-жылга турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жайгаштыруу кызматы үчүн тарифтерин карап берүү тууралуу” №01-14/741 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун маалыматы эске алынсын.
2. Шамалды-Сай шаарчасы боюнча 2019-жылга 1м3 турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жайгаштыруу кызматы үчүн тарифи 173 сом 75 тыйын өлчөмүндө:
шарты жакшыртылган батирлерге 16 сом 68 тыйын бир адамга айына;
жер тамдарга 19 сом 75 тыйын бир адамга айына өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу жана Шамалды-Сай шаарчасынын тургундарына массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы КЖГЭСтер ишканасынын коммуналдык ишканалар комбинатына (А.Чаргынов) жана Шамалды-Сай аймактык башкармалыгына (Н.Жоробаев) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Төрага | Сансызбаев С.С. |