Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну № 13
Шаардык мэриянын 12.06.2019-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна сатык жана ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” №01-14/860 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 12.06.2019-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна сатык жана ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” №01-14/860 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX- чакырылышынын кезектеги 12 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 12.06.2019-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна сатык жана ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” №01-14/860 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун маалыматы эске алынсын.
2. “Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна сатык жана ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобосунун” 8-бөлүмүнүн 8.1-бөлүмчөсүнө төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
К1 – функционалдык багытынын коэффициенти үчүн
10 – чарбалык жайлар, балык өстүрүү, тоок өстүрүү (фермердик чарба);
11 – өндүрүштүк аймактагы өнөр жай ишканалары;
14 – карьерлер, күл, көмүр, топурак төгүлүүчү жайлар;
14 – геологиялык чалгындоо;
14 – таза суу менен камсыздоо;
14- электр чубалгыларын орнотуу;
К3 – калктуу конуштагы жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн коэффициенти аянтына жараша белгилөө:
1м2 – 50м2 чейин - 0,5;
50м2 – 100м2 чейин - 0,4;
100м2 – 300м2 чейин - 0,3;
300м2 – 500м2 чейин - 0,2;
500м2 жогору - 0,1.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Төрага | Сансызбаев С.С. |