Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 25/2
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Балтаева Салима Калдыбаевнага Жошолу айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановдун Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Балтаева Салима Калдыбаевнага Жошолу айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХV заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Балтаева Салима Калдыбаевнага Кыргыз Республикасынын маданият тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы, калктын руханий дүйнөсүн өнүктүрүүдөгү жетишкен ийгилиги жана мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн Жошолу айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |