Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 25/3
Жошолу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин иш абалы, жайыт комитетинин төрагасынын бир жылдык отчету жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин иш абалын карап, бир жылдык отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХV заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасынын бир жылдык иши кемчиликтерди эске алуу менен “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин 2019-жылга карата түзүлгөн бюджети 300 000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жайыттын төлөмү ар бир бодо малга 50 (элүү) сом, кой-эчкиге 10 (он) сом, ал эми сырттан келген ар бир бодо малга 100 (жүз) сом, кой-эчкиге 20 (жыйырма) сом болуп бекитилсин.
4. Айыл аймагына сырттан келген кой-эчки, бодо малдар көзөмөлгө алынып, малдын ден-соолугу боюнча маалыматтар такталып, жайыт пайдалануучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайыттык төлөмдөрдү тактоо боюнча жеткиликтүү иш-чаралар жүргүзүлсүн.
5. Айыл аймагында жайыт комитети өз иш аракетин жайыт пайдалануучулар бирикмесинин типтүү жобосуна ылайык иш алып барышсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы жайыт комитетинин төрагасы жана жайыт комитетинин мүчөлөрүнө милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | З. Боронов |
Бекитемин Макулдашылды
Жошолу айылдык Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы
кеңешинин төрагасы _______________ Т.Абдырахманов
______________З.Боронов “____”____________ 2019-ж
“_____”____________ 2019-ж
БЮДЖЕТ
№ | Чыгымдардын беренелери | Саны | Баасы | Жалпы суммасы сом |
1 | Жайыт жолдорун ондоого |
|
| 51646 |
2 | Жер салыгы жайыт үчун 2183 га | 7с95т |
| 17 354 |
3 | Жер салыгы (жайыттан башка максатта пайдалангандыгы үчүн) |
|
|
|
Жайыт комитетинин административдик чыгамдары | ||||
4 | Төраганын эмгек акысы | 12 | 6000 | 72 000 |
5 | Бухгалтердин эмгек акысы | 12 | 4000 | 48 000 |
6 | Соцфондго чегерүүлөр | 9315 | 17, 25% | 9315 |
7 | Сапар чыгымдары |
|
| 5000 |
8 | Ар түрдүү чыгымдар |
|
| 1846 |
9 | Канцеляриялык байланыш чыгымдары |
|
| 4800 |
10 | Айыл өкмөткө алынуучу төлөм |
|
| 100 000 |
| Жалпы чыгымдар: | 3000 000 | ||
Жошолу айылдык аймагындагы малдын саны жана бир баш мал үчүн төлөнө турган жайыт акы өлчөмү (малдын башы статистикалык маалымататардан алынды)
№ | Мал түрү | Саны | Баасы | Жалпы сумма |
1 | Кара мал | 3842 | 50 | 192 100 |
2 | Жылкы | 2419 | 50 | 120 950 |
3 | Кой, эчки | 130 65 | 10 | 130 650 |
4 | Сырттан келген малдар (келишимдин негизинде) |
| 100 |
|
| Жалпы сумма |
|
| 300 000 |
Жайыт комитетинин төрагасы: Абдылдаев Б.