Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-апрели № 26/1
Айыл өкмөттүн аймагында жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү, КБФнын жерлерин иижарага берүү боюнча тарифти бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн аймагында жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү, КБФнын жерлерин ижарага берүү боюнча тарифти бекитүү жөнүндө маалыматты угуп жана таалкуулап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы 31997-111 токтому менен бекитилген “КБФнын жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү” типтүү жобого ылайык Жошолу айылдык Кенешинин VI чакырылышынын ХХVI заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Топчубаевдин жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү, айыл чарба жерлерин тактоо, КБФнын ижарага берилген жерлерин максатуу пайдалануу боюнча маалыматынын негизинде бир катар жумуштардын аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун тактоого зарыл болгон жерлерин 15 (он беш) күн мөөнөт ичинде тактатып чыгуу ишин бүтүрүү жагы айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын.
3. Миязды айылынын тургуну Исаев Курманбектин 2019-жылдын 3-апрелиндеги айыл өкмөттүн жер адиси М.Топчубаевге карата кайрылган арызы жана Аюу-Тапан айылына курула турган эс алуу лагери боюнча маселени чечип берүү милдети айыл өкмөт башчысы Т.Абдырахмановго жүктөлсүн жана бул маселени бүткөрүүгө 15 (он беш) күн мөөнөт берилсин.
4. КРнын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-июнундагы 31997-111 токтому менен бекитилген “КБФнын жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү” типтүү жобого ылайык 2016-жылга КБФнын чөп чабынды жерлери 5 (беш), сугат жерлери 3 (үч) жылдан кем эмес мөөнөт менен ижарага берилсин.
Баштапкы баасы 1 га кайракы жер үчүн – 400 сом
Сугат жер үчүн - 1200 сом
Чөп чабынды алыскы жер үчүн - 600 сом
Жакынкы жер үчүн - 800 сом
5. Токтомдун аткарылышын камсыздоо, конкурсту өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине жана салык кызматкерине милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | З. Боронов |