Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-апрели № 26/2
Элге ветеринардык кызмат көрсөтүү, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча вет адис, вет сервистердин аткарып жаткан иштери жөнүндө
Элге ветеринардык кызмат көрсөтүү, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча вет адис, вет сервистердин аткарып жаткан иштери жөнүндө депутат Ж.Омошевдин маалыматын угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кенешинин VI чакырылышынын ХХVI заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн ветеринардык. кызматкери, вет сервистери тарабынан жугуштуу оорулардын алдын алуу, элге кызмат көрсөтүүдө айыл өкмөттө бир топ уюштуруучулук жумуштардын аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Жугуштуу жана жугуштуу эмес деп аталган ылаңдарга каршы алдын ала эмдөө иш чараларын иштеп чыгып, анын аткарылышы үзгүлтүксүз жүзөгө ашырылсын, эмдөодөн өткөн малдардын актысы, тизмеси каттоо журналдарга түшүрүлүп,ар бир айылда малдардын эмдөодон өткөндүгү тууралуу айыл өкмөт башчысына бекиттирилсин.
3. Ветеринардык адис өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө айыл аймагына караштуу бардык айылдарга чыгууга гафик түзүп, графиктин негизинде бардык айылдарда жумуш алып барсын.
4. Идентификациядан өткөн ири мүйүздүү малдардын кириш-чыгышы, союлганы жана өлгөнү такталып, идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөр киргизилсин жана бул жумуш дайыма жүргүзүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | З. Боронов |