Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-апрели № 26/5
Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Боронов Мурат Самидиновичке Жошолу айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановдун Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Боронов Мурат Самидиновичке Жошолу айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХVI заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл аймагынын калкына мамлекеттин саясатын элге жеткирүудөгү эмгеги, туулуп өскөн айылындагы элдин жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн көрсөткөн ар тараптуу демөөрчулүгү, калктын саламаттыгын сактоого кошкон зор салымы үчүн Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Боронов Мурат Самидиновичке Жошолу айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |