Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июну № 27/1
Коомдук өз алдынча башкаруу органдарында айыл башчылардын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Жошолу айыл аймагындагы айыл башчылардын жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчетторун угуп жана талкуулап, Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХVII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы иш алып барып жаткан айыл башчылар тарабынан бир топ иштер аткарылып жаткандыгы, ошону менен бирге кемчиликтер да орун алып жаткандыгы белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы иш алып барып жаткан айыл башчылардын 2019-жылга түзүлгөн иш планындагы көрсөтүлгөн айрым иштердин аткарылбагандыгы, өзү жетектеген айылында калк арасында айрым иштердин солгун жүргүзүлүп жаткандыгы, өз айылдарындагы атайын сырткы инвестициялар менен иштөөдө жеке демилгелеринин жоктугу жана өздөрүнүн жеке кадыр- барктарынын төмөндөп бара жаткандыгы, элден түшкөн арыз даттануулар өз убагында тиешелүү мекемеге алар тарабынан жеткирилбегендиги, жайыт комитети менен тыгыз байланышта иш алып барылбагандыгы белгиленсин.
3. Жогорудагы айтылган сын-пикирлерди эске алып, кетирилген кемчилдиктерди жоюу жана ишти талапка ылайык келтирүү жагы айыл башчылардын жоопкерчилигине жүктөлсүн, ошондой эле 9 айдын жыйынтыгы менен кезектеги заседаниеде айыл башчылардын ишмердүүлүгү кайрадан каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчысына, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин уюштуруу-укуктук маселелер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |