Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июну № 27/2
Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу МТЗ-892 жана фронтальный погрузчик тракторлордун иштөө тартиби жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу МТЗ-892 жана фронтальный погрузчик тракторлордун иштөө тартиби жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы Б.Абдылдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХVII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу МТЗ-892 жана фронтальный погрузчик тракторлордун мото сааттары жана техникалык абалы такталып каралсын жана жетпеген мото сааттары тиешелүү жооптуу адистерден суралып, ордуна коюлсун.
2. Тракторлордун иштөө тартибин көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасына жүктөлсүн жана техниканы иштетүү боюнча атайын иш тартиби иштелип чыгылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагын өз жоопкечилигиме калтырамын.
Төрага | З. Боронов |