Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-майы № 144
Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинен 2019-жылга которулуп келген каражаттарды бөлүштүрүп жумшоо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынан Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө 2019-жылга атайын фонддон бөлүнүүчү акча каражатты Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э. Бакиевдин жана Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевдин сунушунун негизинде төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.
Кызыл-Өзгөрүш айылындагы № 31 К.Чодошев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын жана мектептин терезелерин алмаштырууга-1,138000 сом
Камыш-Башы айылынын жаӊы конушуна электр мамысын орнотуп электр чубалгысын тартууга- 600000 сом
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Жайыт комитеттине “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун алкагында сатылып алынган ХОВА авто унаанын жамааттык салымынан калган -286000 сом
Бардан айылына электр мамычасын жана электр чубалгысын тартууга-600000сом
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Жайыт комитеттине “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоору аркылуу ар кандай айыл чарба шаймандарын(тегирмен, кой кыркуучу кайчы) сатып алууга жамааттык салым үчүн -126000 сом
Опоз айылынан Чеч-Дөбө айылына Таза суу чыгарууга -300000сом
Жайыт комитеттине элдик салым үчүн-126000 сом
Чеч-Дөбө айылына электр чубалгысын тартууга- 100000 сом
Баардыгы: 3150,0 сом
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө 2019-жылга атайын фонддон бөлүнүүчү акча каражаттарды өз багытында жумшоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго жана айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго ташырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |