Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН XVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ОН ЖЕТИНЧИ СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 15-ноябры № 17-17/1
“Кыргызмамжердолборлоо” жерге жайгаштыруу институтунун Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин “Административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” 18 беренесинин 4 бөлүгүнүн жетектөөсүнүнүн негизинде, Баш-Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-ноябрь айынын №91-б буйругунун негизинде жумушчу топ тарабынан түзүлгөн “Жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндө актысы” бекитилсин.
2. Бул токтом Баш-Кууганды айыл өкмөтү тарабынан бекитүүгө сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р.Жумуковго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Ажыгулов |