Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-майы № 147
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы №36 А.Ибраимов атындагы орто мектебинин англис тил мугалими, Эл агартуунун отличниги Жамалова Калия Анваровнаны Кыргыз Республикасынын Ардак Громатасына сунуштоо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы №36 А.Ибраимов атындагы орто мектебинин профсоюздук уюмунун, айылдык кеӊештин социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Айтмурза уулу Азизбектин сунушунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы №36 А.Ибраимоватындагы орто мектебинин англис тил мугалими, Эл агартуунун отличниги Жамалова Калия Анваровнаны Кыргыз Республикасынын Ардак Громатасына сунушталсын.
2. Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнө Жамалова Калия Анваровнаны Кыргыз Республикасынын Ардак Громатасына сунуштоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |