Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну №149
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу айылынын Чакиев Мамыт көчөсүнө мечит курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу айылынын Чакиев Мамыт көчөсүнүн тургударынын мечит курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө арызын айылдык Кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу айылынын Чакиев Мамыт көчөсүнүн тургударынын мечит курууга сураган 800 м 2 жер аянтын бөлүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык чечип берүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |