Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну № 150
Токтогул райондук прокуратурасынын 17.06.2019-жылдагы №11\1-5-846-19 талабын, Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 19.06.2019-жылдагы № 203 сунушун кароо жөнүндө
Токтогул райондук прокуратурасынын 17.06.2019-жылдагы №11\1-5-846-19 талабын, Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 19.06.2019-жылдагы № 203 сунушунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бууракан айылындагы ФАПтын имараты жана 495 м2 аянты менен Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн балансасына 457000 сом балансалык баасы менен өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |