Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну № 151
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы №36 Анарбек Ибраимов атындагы орто мектебинин физика мугалими эл агартуунун отличниги Назаралиева Уулканга “Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими” наамына көрсөтүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы №36 А.Ибраимов атындагы орто мектебинин педагогикалык кеӊешинин 23.05.2019-жылдагы №5токтомунун, айылдык кеӊештин социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Айтмурза уулу Азизбектин сунушунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы №36 А.Ибраимоватындагы орто мектебинин физика мугалими, Эл агартуунун отличниги Назаралиева Уулкан “Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими” наамына сунушталсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы № 36 А.Ибраимоватындагы орто мектебинин физика мугалими Назаралиева Уулканды “Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими” наамына Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнө сунуштоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |