Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну № 152
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Кызыл-Өзгөрүш айылынын А.Борбуев, Көк-Таш айылындагы Т.Сакеев көчөлөрүндөгү эски суу түтүкчөлөрүнөн ичүүчү сууну элге үзгүлтүксүз камсыз кылуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Кызыл-Өзгөрүш айылынын А.Борбуев, Көк-Таш айылындагы Т.Сакеев көчөлөрүндөгү эски суу түтүкчөлөрүнөн ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
2. Эски суу түтүкчөлөрүн оӊдоп түзөп, жайкы-күзгү мезгилдерде элди ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн келишимдик негизде иш алып баруу жагы сунушталсын.
3. Суу түтүкчөлөрүдун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууда кетүүчү каражат айыл өкмөттүн атайын каражат эсебинен 5 айга ар бир айына 6100 сомдон 30500 сом өлчөмүндө А.Ибраимов мектебинин эски имаратынан алынган материалдардан түшкөн каражаттын эсебинен жумшоо жагы каралсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |