Загрузка документа…
Ш. НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-июну № 14/2
Агрокомитетинин 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана Кызы-Жар Таза-Суу коомдук бирикмесинин жүргүзгөн иштеринин отчету жөнүндө
Жогорудагы экинчи маселе боюнча Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 14-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Агрокомитетинин 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин отчету кемчиликтери менен кабыл алынсын.
2. Винтилди орнотуу, абонентердин санын тактоо, эски түтүкчөлөрдөн жаңы сууларды чыгарбоо жагы тиешелүү адистер менен биргеликте Кызыл-Жар Таза-Суу коомдук бирикмесинин жетекчисине милдеттендирилсин.
3. 2019-жылдын жыйынтыгы менен Кызыл-Жар Таза-Суу коомдук бирикмесинин ишине кайрадан баа берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Р.Турдиевке милдеттендирилсин
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
7. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Эшалиев |