Загрузка документа…
Ш. НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-июну № 14/3(в)
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо жумушун бекитүү жөнүндө
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо материалдарын угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык кенештин VII -чакырылышынын кезексиз 14- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз мамлекеттик жер долбоор” институтунун алдындагы Жалал-Абад областынын жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери тарабынан инвентаризациялоо жумушу Жалал-Абад областынын Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) жыйынтык материалдары “Кыргыз Республикасынын жер фондунун инвентаризациялоо жөнүндөгү” 2014-жылдын 3-мартындагы №114 сандуу токтомуна ылайык 1985-1993 жылдардагы картографиялык материалдардын негизде такталып, бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Аспердиевге милдеттендирилсин
3. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Эшалиев |