Загрузка документа…
Ш. НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-июну № 14/3(г)
26.12.2018-жылдагы №112 мыйзамынын №10 беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетине 2019-2020-2021-жылдарга берилген маалыматтагы киреше салыгы жана сатуудан түшкөн салыктар жөнүндө
Жогорудагы 3(г) маселени угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 14-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 26.12.2018-жылдагы №112 мыйзамынын №10 беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетине 2019-2020-2021-жылдарга берилген маалыматтагы киреше салыгы жана сатуудан түшкөн салыктарды карап документтери тиешелүү адистерге тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мураталиевке милдеттендирилсин.
3. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Эшалиев |