Загрузка документа…
Ш. НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-июну № 14/3(д)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30-май 2019-жылдагы №235 токтомунун негизинде түзүлгөн келишимдин ЖӨӨБдор менен биргеликте ЖӨӨБдун кызматкерлеринин жылдык финансылык чыгымдарынын эсебин, класстык чинге, стажына төлөнүүчү кошумчаларды (надбавка), материалдык чыгымдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1-март 2017-жылдагы №131 токтомун негизинде Аксы райондук мамлекеттик салык кызматы тарабынан түзулгөн эки тараптуу келишим жөнүндө
Жогорудагы 3(г) маселени угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 14-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30-май 2019-жылдагы №235 токтомуну негизинде түзүлгөн келишимдин ЖӨӨБдор менен биргеликте ЖӨӨБдун кызматкерлеринин жылдык финансылык чыгымдарынын эсебин, класстык чинге, стажына төлөнүүчү кошумчаларды (надбавка), материалдык чыгымдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1-март 2017-жылдагы №131 токтомун негизинде Аксы райондук мамлекеттик салык кызматы тарабынан түзулгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мураталиевке милдеттендирилсин.
3. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Эшалиев |