Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели №1
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн ичүүчү сууну керектөөчүлөрдү “көк-Арт таза-суу” айылдык коомудук бирикмеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн ичүүчү сууну керектөөчүлөдү “Көк-Арт таза-суу” айылдык коомдук бирикмесин жоюу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдк кеңешинин 9- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн ичүүчү сууну керектөөчүлөрдү “Көк-Арт таза – суу” айылдык коомдук бирикмеси жоюлсун.
2. “Көк-Арт таза-суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөр айылдык коомдук бирикмесинин аткарган иштерин “Көк-Арт суу –тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин,толук кандуу иш алып барсын.
3. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан бардык суу түтүк системалары “Көк-Арт суу-тазалык” муниципалдык ишкананын башкаруусуна өткөрүлүп берилсин.
4. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жолдошов |