Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели №2
Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү көчкү коркунучуна байланыштуу көчүрүлүп чыгуучулар үчүн трансформация болгон 6га жер аянты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, жер кодексинин 13-статьясына, Жогорку Кеңештин 15.07.2013-ж №145 токтомуна ылайык,Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү көчкү коркунучуна байланыштуу көчүп чыгуучулар үчүн трансформация болгон 6га, жер аянты жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин кезексиз 9- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айлындагы №193,195 контурундагы трансформация болгон 6га жер аянты турак жай куруу үчүн жер тилкесин мыйзам чегинде алууну жарандарга 0,10 гадан башкы пландын негизинде ажыратып берилсин.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жолдошов |