Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели №3
Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү калктуу конуштун ичинде жайгашкан трансформация боло элек жерлер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине, жер кодексинин 13-статьясына, Жогорку Кеңештин 15.07.2013-ж №145 токтомуна ылайык, айыл өкмөтүнүн жашоочуларынан турак жай куруу үчүн жер тилкесин сурап жазган 1596 кишинин арызы жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин кезексиз 9- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылындагы калктуу конуш ичинде жайгашкан №333, 334,335,336,337, 338,339,340,341,342,307,326,327,308 контурундагы 29,8га таштуу жайыт, №343,344,345 контурундагы 9,54га кайракы айдоо, жалпысы болуп 39,34га жер тилкелеринин категориясын “калтуу конуш” категориясына өзгөртүүгө иш кагаздары даярдалсын.
2. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылындагы калктуу конуш ичинде жайгашкан №312,313,314,315,317 контурундагы 10,0га кайракы айдоо, №320 контурунан 2,50га огород, №324,325,326,319, контурунан 10,68га таштуу жайыт, №322,323,328,329 11,0га таштуу жайыт, №354 контурунан 1,5га чөп орок, №381 контурунан 2,0га калтуу конуш, жалпысы болуп 37,68га жер тилкелерин категориясын “калтуу конуш” категориясына өзгөртүүгө иш кагаздары даярдалсын.
3. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Мазар-Булак айылындагы калктуу конуш ичинде жайгашкан №794 контурунан 3,80га таштуу жайыт, №813 контурунан 0,60га таштуу жайыт, №804 контурунан 5,36га кайракы айдоо, №802 контурунан 1,20га таштуу жайыт, №817 контурунан 1,0га таштуу жайыт, №804/а контурунан 1,0га калктуу конуш, жалпысы болуп 12,96га жер тилкелерин категориясын “калтуу конуш” категориясына өзгөртүүгө иш кагаздары даярдалсын.
4. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жолдошов |