Редакцияот 05.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги IX-сессиясы

 

2019-жылдын 05-апрели №4

Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин трансформациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине, жер кодексинин 13-статьясына, Жогорку Кеңештин 15.07.2013-ж №145 токтомуна ылайык, айыл өкмөтүнүн жашоочуларынан турак жай куруу үчүн жер тилкесин сурап жазган 1596 кишинин арызы жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин кезексиз 9- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылындагы №142 контурундагы КБФ 8,40га сугат айдоо жердин категориясын өзгөртүүгө иш кагаздары даярдалып, трасформацияга жөнөтүлсүн.

2. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылындагы №58,53 контурундагы 14,30га суугат айдоо, КБФ жана №312 контурдагы 10,8га суугат айдоо жалпысы болуп 33,5га жер тилкелерин категориясын өзгөртүүгө иш кагаздары даярдалып, трансформацияга жөнөтүлсүн.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Н. Жолдошов