Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели № 6
Жаңы ачылып жаткан “Көк-Арт суу – тазалык” муниципалдык ишкананын кызмат тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Жаңы ачылып жаткан “Көк-Арт суу – тазалык” муниципалдык ишкананын кызмат тарифин бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана такуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин кезексиз 9- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы аймак боюнча жаңы ачылып жаткан “Көк-Арт суу-тазалык” муниципалдык ишкананын кызмат тарифи төмөндөгүдөй бикитилсин.
2. Таза суу бир айына 50 (Элүү) сом, ал эми жеке кранты бар жарандарга 100 (жүз) сом.
3. Мусурду алып чыгуу боюнча бир айына 100 (Жүз) сом.
4. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жолдошов |