Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели №7
Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу баардык жердин түрүн, КБФнын жерин жана айыл амактагы турак жай салынган чектерге тактоо (ревизия) жүргүзүү, айыл ичиндеги таар көчөлөрдү кеңейтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айыл окмөтүнө караштуу баардык жердин түрүн КБФнын жерин жана айыл амактагы турак жай салынган чектерге тактоо (ревизия) жүргүзүү, айыл ичиндеги таар көчөлөрдү кеңейтүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин кезексиз 9- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл окмөтүнө караштуу баардык жердин түрүн, КБФнын жерин жана айыл амактагы турак жай салынган чектерге тактоо (ревизия) жүргүзүлсүн.
2. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн айыл аймактарынын ички таар көчөлөрүнө ривизия тактоо жүргүзүлүп, мыйзам чегинде жолдор кеңейтилсин.
3. Көчөлөрдө тоскоол жараткан бак-дарактар кыйылсын.
4. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жолдошов |