Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели №8
“Көк-Арт айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн кошумча стандарттарын бекитүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн кошумча стандарттарын долбоорун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин кезексиз 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнү кошумча тизмеси жана стандарттары жактырылсын жана бекитилсин.
2. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн кошумча тизмеси жана стандарттарынын негизинде иш алып баруу Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кулматовко милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жолдошов |