Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели №9
Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Таш жайыты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Таш жайытына аба ырайына байланыштуу чөптөрдүн жакшы чыкпай калгандыгына, жана жолдордун начардыгын эске алып жеке ишкер А.Кимсановко ижарага берилген 418,2га жонүндөгү маселесин угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 9- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Таш жайытына аба ырайына байланыштуу чөп жакшы чыкпай калгандыгын, жана жолдордун абалын эске алып жеке ишкер А.Кимсановго ижарага берилген 418,2га чөп ороктун ижара акысы 2018-жыл, 2019-жыл, 2020-жылдарга акысыз берилсин.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жолдошов |