Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-майы №1
Көк-Арт айылдык кеңештин төрагасын кайрадан шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айылдык кеңештин төрагасы Н.Жолдошовдун төрагадан кетүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңештин кезексиз 10- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Жолдошовдун арызы канаатандырылсын, төрагалыктан бошотулсун.
2. Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасын кайрадан шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.
3. Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы Жуманазаров Сейитбек Асылбекович дайындалсын.
4. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Батыров |