Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-июну № 24/103
Жайыт пайдалануучулар бирикемесинин 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикемесинин 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Сыдыкбековдун маалыматын угуп Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы 2019-жылга карата чогултулган каражат көчүп конуунун мөөнөтүнүн аткарылышы боюнча жасалып жаткан иштер канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 438300 мин сом, чыгышы бөлүгү 438300 миң сом болуп бекитилсин.
3. Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарынын жалпы жамаатттын 02.04.2019-жылдын жалпы жамаатттын № 5.6 токтомдору бекитилсин.
4. Жайыт бирикмесинин 2019-жылга карата киреше бөлүгүнө чогултуучу жайыт салыгы толугу менен өндүрүү жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Т. Абыкеевге тапшырылсын.
Төрага | С. Казиев |