Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-июну № 24/105
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга карата Коммуникациялык стратегиясынын алкагында аткарылган иштер тууралу
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга карата Коммуникациялык стратегиясынын алкагында аткарылган иштер тууралу айыл аймагынын башчысы Абыкеев Темирболот маалыматын угуп жана талкуулап төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кош-Дөбө айыл аймагы боюнча: 2019-жылга карата жайыттарга барчу, жана айыл аймактагы жолдорду оңдоо ж.б. иштер аткарылгандыгы тууралу кеңири токтолду. Айыл өкмөтүндө экономиканы көтөрүү менен калктын турмушун жакшыртуу, социалдык маселелерди чечүү, калкты социалдык жактан коргоо, айыл чарбасында жогорку жетишкендиктерди камсыз кылуу, жеке ишкерлерге жардам көрсөтүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү маданият тармактарынын иштеринин деңгээлин жогору көтөрүү, кылмыштулукту болтурбоо жана аларды алдын алуу иштерин уюштуруу максатында Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга карата Коммуникациялык стратегиясынын алкагында аткарылган иштер тууралу айыл аймагынын башчысы Абыкеев Темирболот маалыматы жактырылсын.
2. Айыл өкмөтүндө экономиканы көтөрүү менен калктын турмушун жакшыртуу, социалдык маселелерди чечүү, калкты социалдык жактан коргоо, айыл чарбасында жогорку жетишкендиктерди камсыз кылуу, жеке ишкерлерге жардам көрсөтүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү маданият тармактарынын иштеринин деңгээлин жогору көтөрүү жагы жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймактык Кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | С. Казиев |