Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-майы №35
Кара-Таш айыл өкмөтүндө жазгы талаа жумуштарынын жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылкы жазгы талаа жумуштарынын жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Кара-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүндө 2019-жылдагы жазгы талаа жумуштары ийгиликтүү аяктагандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаалдар боюнча жумуштарды аткаруу жагы айыл башчыларга, өзгөчө кырдаалдар боюнча адиске милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, жер жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |