Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-майы №38
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын эгиндерин жана чөп ормо жерлерин кароо жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүндө эгилген эгиндерин жана чөп орок жерлерине байланбаган кароосуз мал, жылкы, жандыктардын тебелеп, жеп кетүүсүнөн сактоо максатында Кара-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эгилген эгинге жана чөп ормо жерлерде кароосуз жүргөн мал, жылкы, жандыктар түшкөн үчүн төмөндөгүдөй айып пулдар көрсөтүлсүн.
а)Эгилген эгинге жана чөп ормо жерлерге түшкөн ар бир баш кара мал жана жылкыга 500 сомдон жандыкка 50 сомдон айып пул төлөтүлсүн.
б)Коңушу айыл өкмөттөрдөн келип түшкөн ар бир баш кара мал , жылкыга 1000(мин) сомдон төлөнсүн.
2. Кароолчуларга түшкөн мал боюнча мал ээсине билдирилсин, эгерде билип туруп 3 күн ичинде келбеген болсо малы бир кырсыкка учураса жоопкерчилике мал ээлерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл башчы К.Шерматовго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Максутов |