Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-майы № 1
Ак-Жол айыл аймагындагы китепканалардын абалы, китепканачылардын элди тейлѳѳсү, мектеп окуучулары менен иш алып баруусу
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги XIV -сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси Ак-Жол айыл аймагындагы китепканалардын абалы, китепканачылардын элди тейлѳѳсү, мектеп окуучулары менен иш алып баруусу айыл аймактык Кеңешинин билим берүү , социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Рыспаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги XIV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы китепканалардын абалы негизинен айыл өкмөтүнүн жардамы аркылуу жана анын материалдык –техникалык базасы жолго коюлуп жаткандыгы белгиленсин.
2. Китепкана башчыларына китепкана фондун көбөйтүү, адабий-көркөм китептердин санын толуктоо максатында “Бир адамдан бир китеп” долбооруна катышып уюштруууну колго алышсын.
3. Кээ бир китепканаларда китепти жакшы күтпөгөндүктүн натыйжасында ным тартып , жараксыз абалга келген китептердин санынын өсүп бара жаткандыгы эске алынып китепканачыларга өз учурунда китепкананы желдетип, китептин сакталышына кам көрүү жагы эскертилип , жараксыз китептерди акты менен жокко чыгаруу жагы милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Батыралиев |