Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-майы № 2
Келечекке 40 кадам” стратегиялык планынын алкагында уюшулган “Таза коом” маалыматтык күркөсүн жетектеген оператордун жүргүзгөн иши, элди тейлөөдөгү абалы жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги XIV -сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси “Келечекке 40 кадам” стратегиялык планынын алкагында уюшулган “Таза коом” маалыматтык күркөсүн жетектеген оператордун жүргүзгөн иши, элди тейлөөдөгү абалы жөнүндө айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо. Депутаттык этика, мандат,регламент ,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча кометтин төрагасы У.Куттубаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги XIV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таза коом” маалыматтык күркөсүнүн айыл элин тейлөөдөгү оператордун жүргүзгөн иши канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. “Таза коом” маалыматтык күркөсүнүн оператору Бектеналиев Гүлжигитке ЗАГС органына төлөнүүчү акча каражаттарын өз убагында төгүп , иш убактысынын мөөнөтүн так сактоо, атуулдардарга берилүүчү документтерди кечиктирбестен өз мөөнөтүндө таркатуу жагы милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Батыралиев |